13:10 Президент «Реформа үчүн!» кыймылынын талаптарына ойлонуп туруп жооп бермей болду

Бул тууралуу жолугушууга катышкан депутат Мелис Эшимканов билдирди. Анын айтымында, жолугушууда оппозициячыл саясатчылар өз талаптарын президентке курч маанайда билдиришти. Ал эми атын атоону каалабаган булактын маалыматына караганда, оппозиция менен президенттин кезектеги жолугушуусу бүгүн кечинде кайра уюштурулушу күтүлүүдө.