18:00 Кыргыз милициясы нааразылык акциясынын учурунда ок атуучу куралдарды колдонбойт

Ички иштер министрлигинин бардык тармагы 30-октябрдан баштап күчөтүлгөн тартипте иштей баштады. Бул тууралуу бүгүн «Кабар» агенттигинде уюштурган маалымат жыйынында министрдин орун басары Темиркан Субанов билдирди. Анын айтымында, 2-ноябрдагы нааразылык акциясынын учурунда чыр-чатактар чыгып кетсе, милиция кызматкерлери ок атуучу куралдарды колдонушпайт. Ок атуучу куралдардан башка каражаттар жетиштүү.(BuS)