Аксы райондук акимчилигине чогулган адамдар облустук “Акыйкат” газетасына жарыяланган “Аксы жергеси саясий оюндардын ипподрому эмес” деген макала менен макул эмес. Алардын оюнда макала жалган маалыматтарды камтып, бийликке кошомат көрсөтүү максатында атайын буюртма менен жазылган. Жыйындагылар макаланы жокко чыгаруу менен Аксы элинен кечирим суроо, бийлик өкүлдөрүнөн оппозициячыл маанайдагы адамдарды каралоону токтотуу, Аксы окуясынын күнөөкөрлөрүн таап, “Реформа үчүн” кыймылынын мүчөлөрүнө куугунтук жасабоо талаптарын коюшту. Аталган талаптар 1-ноябрда түшкө дейре аткарылбаса, ар түрдүү акциялар уюштурулуп, бир топ мамлекеттик кызматкерлердин отставкасы талап кылына турган болду.