Египет президенти Мубарактын Орусияга иш сапары башталды

Египет президенти Хосни Мубарак бүгүн үч күндүк иш сапары менен Россияга келет. Мубарак орус президенти Владимир Путин менен жолушуп, анда Россиянын жардамы менен Египеттин өзөктүк программасын жандандыруу, Россиядан курал сатып алуу маселелери талкууланмакчы. Мындан тышкары сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Жакынкы Чыгыштагы кырдаал да талкууга алынаары күтүлүүдө.