Президент администрациясынын коргонуу жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Абибилла Абдугапаров митингичилердин коопсуздугун сактоо мыйзамга ылайык биринчи иретте митингди уюштуруучулардын өздөрүнө жүктөлөт деп билдирди. Экинчи иретте жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, демек, азыркы шартта Бишкек шаардык мэриясы, шаардын райондук акимчиликтери милдеткер. Коомдук тартипти сактоо жагын милиция кызматкерлери, коомдук тартипти сактоого чакырылган башка укук коргоо органдары камсыз кылыш керек.