7:15 Өкмөт башчы Феликс Кулов оппозициянын митингине каршы митинг уюштурбоого чакырды

Премьер-министр кечээ мамлекеттик телекөрсөтүү аркылуу сүйлөгөн сөзүндө бир канча жарандардан каршы митинг уюштуруу тууралуу билдирүүлөр болгонун белгиледи. Феликс Кулов бул туура эместигин айтып, андай аракеттен от чыгып кетиши мүмкүндүгүн эскертти.(SM)