6:00 «Реформа үчүн» кыймылынын митинги бүгүн салтанаттуу түрдө уланат

Жаңы баш мыйзам кабыл алынган соң аталган кыймылдын лидерлери «Алатоо» аянтындагы элдин алдына чыгышып, куттук айтышты. Ошентип аянттагы митинг шаңдуу майрамга айланды. Кыймылдын жетекчилери элди тарап кетүүгө үндөп, бүгүн күндүзгү саат экиде бул окуяны борбордук аянтта жалпы майрамдоого чакырышты.