Кечээ кечинде республикачыл Жорж Аллен Виржиния штатынан сенаторду шайлоодо утулуп калганын мойнуна алды жана демократ Жим Веббди жеңиши менен куттуктады. Ошентип сенатта демократтар 51 орунга,республикачылар болсо 49 орунга ээ. АКШ президенти Конгрессте жеңишке ээ болгон демократиялык партиянын лидерлерин кызматташууга чакырды жана Ирак боюнча сунунуштарды талкуулоого даяр экенин билдирди.