19:00 Борбордук Азия университетинин башкы директору Назир Лазехан Нарынга келди

Облус губернатору Жыргалбек Азылов жана баш директор Назир Лазехан Нарын шаарынын батыш тарабында орун алган Борбор Азия университетинин келечектеги курулуштары, асфальт-бетон заводдун абалы, айлампа жолдун курулушу жана шаардын чыгышында Нарын дайрага салынуучу болжолдонуп жаткан жаңы көпүрө тууралуу пикир алмашты. Мындан соң келген меймандар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү айтылган курулуштарды жеринде көрүү үчүн тиешелүү аймактарга жөнөп кетишти. Борбор Азия университетинин жергиликтүү өкүлчүлүгүнүн башчысы Таалай Карпековдун берген маалыматына караганда, иш сапар менен келгендер арасында курулуш, ишкерчилик боюнча жетекчи адистер да бар.(KU)