Министр Досбол Нур уулунун маселесин парламентте кароо жөнүндө талап сунуш менен депутат Асланбек Малиев чыкты. Ал билим берүү министрин элди бөлүп-жарган трайбалист деп айыптоодо. Анын маалыматы боюнча, мамлекеттик бюджетте каралган каражаттарга түштүктө он бир мектеп курулган, ал эми түндүктө бир да мектеп курулган эмес.