«Агым» гезитине берген маегинде маркум Баяман Эркимбаевдин эжеси Зулфия Эркимбаева «Баяман өлүмүн күтүп жүргөн маалында «Мени Жаныш Бакиев менен Үсөн Сыдыков өлтүргөнү жатышат, мен ушул кишилердин фамилиясын Феликс Куловго да айткамын» дегенин, бүгүн эми Баямандын ишин карап аткан Бишкек шаардык соту үч жолу чакырык жиберсе да Ф.Кулов күбө катары келип бербей атканын, иниси Баямандын өлүмүнө байланышкан тергөөнү 2005-жылдын 13-октябрында басылып алынган Кара Суу базарынан башталса туура болорун айткан. Ушул эле гезит күнү кечээ Ала-Тоо аянтындагы митинг маалында Акүйдүн 7-кабатында президент К.Бакиев, Ф.Кулов, А.Мадумаров, Д.Үсөнов, М.Абдылдаев чогулуп, жашыруун сүйлөшкөн сөздөрүн шардана кылды. Гезит бул сүйлөшүүнүн бир көчүрмөсүн Башпрокуратура менен УККга жолдогонун эскертет.
Үзүндү келтирели: Адахан МАДУМАРОВ:- Коендой бүжүрөй бербейличи. Кан төгүлсө ушул идиоттор, текебаевдер, атамбаевдер жеке керт баштары менен жооп беришет, мен президент менен премьер-министрди колдойм, только жесткая позиция!
Курманбек БАКИЕВ:-Молдокасымовго айтып койдуңарбы, оппозицияны ни в коем случае жолотпосун деп.
Адахан МАДУМАРОВ: - Аныңыз Текебаев жакалап койсо калчылдап алыптыр. Бирок все под контролем. КТРдан кам санабаңыз.
Курманбек БАКИЕВ:- Ну давайте, мээңерди иштеткиле. Бүгүнкүгө жетишет. Бир-эки сааттан кийин кайра жолугабыз. Главный Феликс Шаршенбаевич менен Субаналиев биз менен…
«Жаңы ордо» гезити «Бөрүбаевдин бөрү жүрүшү» аттуу макала басты, анда КР Эл өкүлдөр жыйынынын мурдагы төрагасы А.Бөрүбаев Бишкектен мыйзамсыз жер бөлдүртүп алып, квартира сатып алууда казына каражатын кандай пайдалангандыгы тууралуу кенен сөз болот. Ушул эле гезит депутат К.Ташиевден акыркы окуяларга ой-пикирин сураганда, ал, жаңы Башмыйзамды кабыл алуу менен Кыргызстандын өнүгүшүнө бөгөт коюлганын, бул Башмыйзам жарабастыгын, аны кайрадан кабыл алып, ал эми депутаттар болсо тарап кетиши керектигин айткан.
«Жаңы кылым» гезитиндеги маегинде дагы бир депутат Б.Мурзубраимов ушул эле суроого, Башмыйзамды кабыл алуу эрежеси эч кандай бузулбагандыгын, себеби, парламенттин негизги мыйзамы болгон регламентке өзгөртүү киргизилип, ал президент тарабынан жактырылганын, эгер регламентке байланышкан өзгөртүүнү К.Бакиев колдобой койгондо маселе референдум аркылуу чечилмегин, ошондуктан парламент мыйзам чегинен чыгып кетти деген сөз туура эмес деген оюн билдирген.
«Кыргыз руху» гезити КТР тегерегиндеги, асыресе, талаштын бутасына айланган коомдук телеберүүгө айлантуу вазийпасына арналган Үсөн Касыбековдун макаласына орун берген. Журналист КТР башдеректири К.Молдокасымов, реформалоо боюнча комиссия мүчөсү делинген Б.Аманбаев президент К.Бакиев турганда кыгыбыздан кыл сууралбайсыңар дегенди ачык каңкуулап турушканын, президенттин мыкчыгерлери азыркы түзүлгөн Конституциялык вакуумдан пайдаланып, бийликти колдон чыгарбоо амалын жасап жатканы анык болуп калганын жазат.
«Кыргыз туусу» болсо Тажикстандан Кыргызстанга каттап турган карапайым адамдардын жолу тозокко айланганын, кыргыз бажысы ар бир УАЗ автомашинасынан 800 сомдон алышарын, себеби көпчүлүк кыргыздардын жарандык паспорту жоктугун, Кыргызстанга көчүп келип жашап аткан 23 миң кыргыздын 5 миңден ашууну Акаев доорунан бери карай эле паспорт ала электигин айтып чыкты.
«Бишкек таймс» гезити коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаковдун кыргыздар тууралуу ой калчаган макаласын жарыялоону улантты. Абдуразаков мырза, бир-эки муундан кийин бишкектиктер Түндүк-Түштүк оорусунан айыккан, трайбализмге каршы иммунитети бекем, заманбап менталитеттеги борбордун жарандары катары өздөрүн бүт өлкөнүн өкүлүбүз деген деңгээлге жетерине бекем ишенет.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ