Бул маселе боюнча Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде консультациялар уланууда. АКШ Иранга экономикалык санкциялар жарыяланышын жактайт, санкциялар тизмесине газ жана мунай тармагы киргизилбейт. Бул тууралуу мамлекеттик катчынын орунбасары Николас Бернс билдирди.