17:00 Бишкекте киши өлтүргүч кармалып алгачкы көрсөтмөлөрдү берди

Бишкектин кичирайондорунда бир нече кишини бычактап өлтүргөн делип шектелип кармалган жин оорулуу жигит алгачкы көрсөтмөлөрдү берди. Иликтеп-тергөө иштеринде, адвокат жана дарыгердин катышуусунда ал кылган кылмыштарын кайсы жерде, кайсы убакта жасаганы тууралуу көрсөтүп берип, видео тасмага тартылып алынган. Ал материалдар дүйшөмбү күнү маалымат жыйынында массалык маалымат каражаттарына көрсөтүлөт, деди Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Нурдин Жангараев.