Багдадда 50дөн ашуун киши террордук чабуулдун курмандыгы болду

Хилла шаарында жанкечти бомба жардырып, анда кеминде 20 адам мерт кетти. Жанкечти адам сириялык экени айтылат. Ирак жана АКШ бийликтери Сирияны согушкерлерди өз чек арасынан өткөрүп жатат деп күнөөлөдү. Ошондой эле Багдадда Ирактын саламаттык сактоо министринин орун басары Аммар ал-Сафардын уурдалганы кабарланды.