17:20 Дүйнөлүк банк Борбор Азия өлкөлөрүнө СПИДге каршы күрөшүү долбооруна 26,9 млн. доллар бөлөт

Бул тууралуу вице-премьер-министр Тынычбек Табалдиев бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Ал жакында Дүйнөлүк банктын демилгеси менен АКШда Кариб деңизинде ВИЧ-СПИД маселелери боюнча өткөн эки жумалык жыйынга катышып келди. 2010-жылга чейин Борбор Азияда СПИДге каршы күрөшүү жана профилактикалык иштерди жүргүзүү боюнча кеңешме Самарканд шаарында декабрда өтмөкчү. (AJ)