17:30 Ысыккөлгө жаңы губернатор дайындалды

Президент Курманбек Бакиевдин 24-ноябрдагы жардыгына ылайык Кыдыкбек Исаев Ысыккөл облусунун губернатору болуп дайындалды. Мурдагы губернатор Эсенгул Өмүралиев башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.