Багдад шаарынын түндүк-батышында жаңы кагылышуулар чыгып, 30 адам өлдү

Багдад шаарынын сунни тургундарынын айтымында, шийилердин куралдуу топтору шаардын түндүк-батыш аймактарындагы төрт сунни мечитин кечээ күнү кыйратып, көптөгөн адамдын ажалына калды. Полициянын айтымында, кагылышуулар дагы эле уланып жатат жана бардыгы болуп отузга жакын адам курман болду. Мурдагы күнү Багдадда болгон ири жардыруулардан шаардын Садр деген аймагында эки жүздөй адам набыт кеткен жана бийлик Багдадда түнкү тартип киргизген.