9:21 Беш адамдын өмүрүн алган кырсык боюнча Сүлүктү шаар прокуратурасы кылмыш ишин козгоду

24-ноябрда Сүлүктүдөгү көмүр кендеринин биринде беш адам каза тапканы айтылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, желдетилбеген шахтага түшкөн бул беш киши көмүр кычкыл газына ууланышкан. Учурда окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.