18:27 Баткен: өзбек чек арачылары кыргызстандык жарандын 1200 доллар акчасын алып коюшту

Лейлек районунун Катраң айылынын тургуну Кумарбай Ботоев облустук акимчиликке арыз менен кайрылып, бир жылдан ашуун Орусияда иштеп тапкан 1200 АКШ долларын “Айбек” өзбек чек ара бекетинде текшерүү учурунда өзбек чек арачылары мыйзамсыз алып койгонун билдирген. Өзбек чек арачылары буюм-теримдер катталган декларация кагазында тиешелүү штамп жок деп айып тагып, акчаны конфискациялап алып коюшкан. Баткен облус бийлиги бул иштин мыйзамдуулугун териштирүү үчүн арызды Тышкы иштер министрлигине жөнөттү. Өзбек бажычыларынын мындай мыйзамсыз акча алуулары тууралуу Баткен облус акимчилигине атуулдардын атынан мурда да үч арыз түшкөн.(SA)