17:48 Жалалабатта уранды астында калып каза болгон кенчинин сөөгү туугандарына берилди

Сузак районундагы "Маркай" аттуу көмүр кенинде 31 жаштагы шахтер каза болгон. Көкжаңгак шаарынын тургуну болгон Нурлан Нурумбетовду 28-ноябрга караган түнү "Горизонт -1200" деген шахтада урап
түшкөн тоо катмарлары басып калган. Кырсыкка кабылган кенчинин сөөгү ошол эле күнү урандыдан алынып туугандарына берилди. Бул жөнүндө Чукул кырдаалдар жана экология министрлигинин облустук бөлүмүнөн билдиришти.(YA)