30-ноябрда президент өкмөт мүчөлөрү менен кеңешме өткөрдү. Анда ХИПК программасына кирүү боюнча биринчи вице–премьер-министр Данияр Үсөнов башында турган топ жүргүзгөн талдоо иштери талкууланды. Ошондой эле премьер-министр Феликс Кулов өкмөттүн жаңы структурасын президенттин кароосуна сунуштады.