Казакстан адам укуктарын сыйлоого тийиш

Европа комиссиясы Казакстан 2009-жылы ОБСЕнин төрагалыгына талаптангандан оболу адам укуктары жагынан өз милдеттенмелерин аткарууда жаңы кадамдарды жасашы керектигин билдирди. Дүйшөмбү күнү казак президенти Нурсултан Назарбаев Брюсселге келет жана Евросоюздун, НАТОнун баш кеңселеринде болот.