Европа кинофестивалында немис фильми эң мыкты тасма деп табылды

Жаңыл Жусуржан, Прага
"Dal Leben der Anderen" же "Башкалардын жашоосу" деп аталган Флориан Хекел Вон Донерсмарктын көркөм фильминде Берлин дубалы кулай электе Чыгыш Германияда жашаган Штази жашыруун полициясынын тыңчысы атактуу драматургдун артынан түшкөнү чагылдырылат. Сыйлык тапшыруу аземинде түбү польшалык киночу Роман Поланскийге өмүр бою жетишкен ийгиликтери үчүн атайын сыйлык ыйгарылды.