9:27 Бишкекте Кыргызстандын ХИПК программасына киришине каршы нааразылык акциясы өтүүдө

Жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турган демилгелүү топ бүгүн да Каржы министрлигинин алдына топтолушат. Пикетчилер бул жерден улам-улам Өкмөт үйүнүн жана Улуттук банктын алдына жөө жүрүш жасап турушмакчы. Дүйнөлүк банктын миссиясы 29-ноябрдан бери ХИПК программасынын шарттары боюнча кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Өлкө президенти кечээ парламентте сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстан кызыкчылыктарына дал келген учурда гана ХИПКке кирүүгө макулдук берээрин билдирген.