9:30 Жогорку Кеңеш бүгүн өзүнүн ички түзүмүн кароо маселесине киришет
Айрым депутаттар буга дейре жаңы Конституцияга ылайык парламент структурасын реформалоо демилгесин козгошкон. Анда жаңы комитеттерди түзүү, комитеттердин санын 12-13кө чейин жеткирүү сунуштары айтылган. Жогорку Кеңеште азыр жети комитет бар.