9:22 Жогорку Кеңеште бүгүн өлкө жарандыгы боюнча парламенттик угуу болот

Анда «Кыргыз Республикаынын жарандыгы боюнча» мыйзам долбоору талкууга алынат. Парламенттин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча комитети менен миграция боюнча комиссиясы уюштуруп жаткан бул талкууга депутаттардан сырткары аткаруу бийлигинин, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышмакчы.(SM)