9:38 Казак оппозициясы Бишкекте саясий акция өткөргөн жатат

Бишкектеги казак элчилигинин алдында өтчү пикетти Казакстан патриоттук жаштар союзу менен чет өлкөдөгү казак оппозициясынын Кыргызстандагы бөлүмү уюштурууда. Анда оппозицияга жасалган мамилеге байланыштуу казак бийликтерине нааразылык билдирилет. Аталган уюмдар кечээ тараткан билдирүүдө Казакстанда оппозиция өкүлдөрүнө куугунтук күчөгөнү, алардын бири, жаш саясатчы Абжан Махамбет мамлекеттик каражатты уурдаган деген жасалма айып менен тергөө абагында отурганы, ага 7-декабрда сот өкүмү чыгаары айтылат.(SM)