11:38 Бишкекте Кыргызстан менен Москва өкмөтүнүн биргелешкен отуруму өткөнү жатат

Бул отурумда соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык жөнүндөгү макулдашуунун аткарылышы талкууга алынмакчы. Ага катышуу үчүн эртең Бишкекке Москва өкмөт башчысынын орун басары В. Громов баштаган делегация келет. Кыргызстан тараптан отурумга вице-премьер министр Тынычбек Табылдиев баштаган расмий өкүлдөр катышат.