КЫРГЫЗДЫН ТУҢГУЧ ГЕНЕРАЛЫНА ЭСТЕЛИК ТУРГУЗУЛДУ

Кубанычбек Жолдошов, Ош Ош шаарынын борбордук бөлүгүндөгү Ысакбек Мониев атындагы көчөнүн башына кыргыздын алгачкы генералы Ысакбек Мониевдин айкели тургузулду. Генералдын айкелинин ачылыш аземине коомчулуктун жана бийликтин өкүлдөрү катышып, Мониевге өз учурунда улуттук лидер катары баа берилбей калган тарыхый инсан катары баа берилди.
Жыйырманчы кылымдын отузунчу жылдарынан кырк тогузунчу жылдарына чейин Кытайдын Гоминдандык армиясы менен күрөшүп жеңишке жетишүүгө көмөктөшүп, жарыяланбай калган Чыгыш Түркстан өкмөтүнүн коргоо министри кызматына чейин дайындалган генерал Ысакбек Мониевдин айкели Ош шаарына кирип келе жаткан өзүнүн атындагы көчөнүн башатына орнотулду.

Айкелдин ачылыш аземиндеги куттуктоо сөзүндө Ош облусунун губернаторунун орун басары Болот Бүргөев Ысакбек Мониев менен катарлаш гоминдандык армия менен күрөштө жеңишке жетишип, бирок экинчи бир саясий күчтөргө алданып, жарыяланбай калган Чыгыш Түркстан мамлекетин негиздөө идеясынын башында турушкан өкмөт мүчөлөрүнүн табышмактуу өлүмү жөнүндө эскерип кетүүнү туура көрдү.

-Чыгыш Түркстандын өмүрү кыска экен. 1949-жылдын августунда анын жетекчилери өкмөттөр арасы Ахметкан казыны буларды дагы туугандарын эстеп, атын айтып кетишибиз керек. Башкы аскер командачы, коргоо министри Исакбек Мониев, Алтай облусунун губернатору генерал майор Далихан Сугурабаев, “Түркстан ыңкылабы” гезитинин баш редактору Абдыкерим Абазов, Үрүмчүдөгү жаштар уюмунун лидери Ло Цу табышмактуу жагдайда курман болушат. Ошентсе да кайран кыраандар кайда, кандай шартта, каерде курман болушту азырынча биз колубузда так маалымат жок,- деди Ош облусунун губернаторунун орун басары Болот Бүргөев.

Генералды эскерип сүйлөгөн анын тууган-уруктарынын жана жакын адамдарынын көпчүлүгү Мониев алгачкы кыргыз генералы катары факт болгону менен аны тастыктаган илимий изилдөөлөр жүргүзүлүп, жаш муунду окутууда пайдаланылбай келе жаткандыгына нааразылыгын билдирди. Генерал Мониевдин армиясында кызмат кылган офицерлердин урук-туугандары да чыгып сүйлөшүп, ошол учурдагы тарых тактыгын ачыктап, алардын улуттук боштондук күрөшүн тарыхый жактан тастыктоо зарылдыгын айтышты. Алардын айрымдары кыргыз тарыхчылары генерал Мониевдин армиясы тууралуу жазуудан азыркыга чейин тартынышкандыгынын себептерин билгилери келе тургандыгын айтышты:

-Исакбек Мониевдин армиясынын составында мен атайын чогуу кызмат кылагам. 23 командирдин бирөө менин атам. Ал 1938-жылы атылып кеткен Кашкарда. Менин атамдан кийин Исакбек Мониев бир жылдан кийин өттү. Ошондуктан бул кишинин аты чыкса биздин үй-бүлөө дагы кошо сүйүнөт, себеби биздин атабыз ал киши менен курбалдаш болуп чогуу кызмат кылган,- дейт генералдын армиясында кызмат кылган кыргыз офицеринин уулу Эргеш Чыкыев.

Айкелди ачуу аземинде Бишкектен келе турган өкмөт мүчөлөрүнүн жана жогорку кеңештин айрым депутаттарынын аба ырайына байланыштуу келе албай калгандыгы эскертилди.