8:00 Кыргызстанда Москва облусунун делегациясы расмий сапар менен жүрөт

Москва өкмөт башчысынын орун басары Василий Громов баштаган топ бүгүн Чүй облусундагы бир катар өнөр жай ишканаларын кыдырышат. Кечээ Бишкекте Кыргыз-Москва өкмөттүк топторунун кезектеги отуруму өткөн. Анда 2007-2009-жылдардагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча биргелешкен программага кол коюлду. (SM)