Америкалык аскерлер Иракта Ал- Каиданын 20 чакты согушкерин жок кылышты

Ирактагы америкалык аскерлер Багдаддан түндүгүрөөк жайгашкан Салахуддин провинциясында рейд жүргүзүп, Ал-Каиданын согушкерлери деп шектелген 20 чакты кишини жок кылышты, курман болгондордун экөө аял. Суннилердин таяныч пункту болуп эсептелген бул чөлкөмдө ошондой эле каруу-жарак катылган эки кампа табылды.