“Интерньюс” коомдук уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө жаңы жетекчи шайланды. Уюм мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен Асанбек Токтогулов “Интерньюстун” аткаруучу директору болуп калды. Асанбек Токтогулов буга чейин бир нече эл аралык уюмдарда иштеген.