Бул тууралуу кечээ Германиянын бийлиги билдирди. Дмитрий Ковтун Литвиненко менен ал ууландырылган күнү 1-ноябрда Лондондо жолугушкан. Ковтун радиацияны жугузуп алды деген шек менен өзүн начар сезип ооруканада жатат. Маркум Литвиненконун аялы Марина күйөөсүнүн ууландырылышына орусиялык атайын кызматтардын тиешеси бар деген пикирде.