Жаңылыктар Иракта зордук-зомбулуктар уланууда 12-Декабрь, 2006 Иракта кечээ зомбулуктардан кеминде 26 адам курман болду. Дүйшөмбүгө карган түнү Багдадда эки бомба жардырылып, америкалык төрт аскер мерт кеткени кабарланууда. 2003-жылдын март айынан тартып Америка Иракта 2900 аскерин жоготту.