10:00 Бишкекте кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссия төрагаларынын жолугушуусу өтөт

Соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын орус тарабын Орусиянын атом энергетика боюнча федералдык агенттигинин башчысы Сергей Кириенко, кыргыз тарабын премьер-министр Феликс Кулов жетектейт. Анда комиссиянын буга чейинки жыйынында кабыл алынган чечимдердин аткарылышы, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланмакчы. Мындан сырткары Орусиядагы кыргызстандык эмгек мигранттарына байланышкан маселе да козголот. (SM)