Чыгыш Германиядан Орусияга 326 кг байытылган уран алынып келинген
Орусиянын адистери Чыгыш Германиядан Орусияга 326 кг байытылган уран алынып келингенин маалымдашууда. Уран совет мезгилинде иш алып барган Россендорфтогу атомдук изилдөө борборунан Подольскидеги атайын борборго кайра иштетүүгө жөнөтүлгөну айтылат.