Суроо кезегин Ош шаарынан ЭлТР компаниясынын студиясындагы тургундар бере баштады. Өзбекстан менен мамиле боюнча суроого жооп берген К.Бакиев акыркы 10 жылда ырасмий Ташкен менен кыргыз бийлигинин мамилеси солгундап кеткенин, жаңы бийлик ошол кенемтени оңдоп, Өзбекстан менен жылуу мамиле түзүүгө аракет кылып жатканын, экономикалык байланыштар чыңдалып жатат деп билдирди.