9:34 Баткен жана Фергана облусунун бийлик өкүлдөрү чек ара маселесин сүйлөшөт

Кыргыз тараптын демилгеси менен өтүп жаткан бул сүйлөшүүдө негизинен Өзбекстандын Кадамжай районуна чектеш Борбалык чек ара бекетин күнү-түнү ачуу маселеси козголот. Акыркы учурда өзбек тарап аталган чек ара бекетин кечки алтыдан таңкы сегизге дейре жаап койгондуктан, район борборуна Өзбекстан аркылуу каттоого аргасыз Кадамжайдын 10 чакты айылынын калкы өзгөчө түйшүк тартууда. Бул маселени чечүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги буга чейинки сүйлөшүүлөрдөн эч кандай майнап чыкпай келген.(SM)