Европада жашаган мусулмандар турак-жай, жумуш жана билим алуу жаатында басмырланып жатканы Европа биримдигинин баяндамасында айтылат. Изилдөөнү жүргүзгөн Европалык Ксенофобия жана расизмди көзөмөлдөө борборунун адистери Европа өлкөлөрүн мусулмандардын интеграцияланышы боюнча саясатты күчөтүүгө чакырды.