9:00 Кечээ кечинде парламенттин бир топ депутаттары шашылыш жыйын өткөрүштү

Анда өкмөт толук курамы менен кызматтан кетишине байланыштуу маселе козголуп, парламенттин тараар-тарабасы тууралуу сөз болду. Ошондой эле айрым депутаттар Шайлоо кодексин жаңы Конституцияга ылайыктоо маселесин тез арада кароо зарылдыгын белгилешти.