Александр Литвиненконун өлүмүн Москвада изилдеп жаткан Скотленд Ярддын тергөөчүлөрү ишин бүтүрүштү

Орус коопсуздук кызматынын экс-тыңчысы Александр Литвиненконун өлүмүн Москвада изилдеп жаткан британиялык тергөөчүлөр ишин бүтүрүшкөнүн Орусиянын башкы прокуратурасы кечээ билдирди. Скотленд Ярддын детективдери Литвиненконун өлүмүн иликтөө үчүн Москвага эки жума мурун келишкен.