12:22 Улугбек Ормонов: Президент саясий чечим кабыл алышы керек

Депутат Улугбек Ормонов бул Конституциянын долбоору кабыл алынбай калса, анда макулдашуу комиссиясын түзүүгө аракет кылабыз, деди. Анын айтымында, 8-ноябрдагыдай өз ара бир пикирге келүүгө аракет кылып, бул туңгуюктан чыгуу зарыл. Эгерде парламент өз ишин парламент өз ишин жүргүзө албай калса анда президент саясий чечим кабыл алышы керек.