14:30 Курманбек Бакиев Түркмөнбашынын жакындарына көңүл айтуу телеграммасын жолдоду

Бүгүн өлкө башчысы Курманбек Бакиев Түркмөнбашынын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Ниязовдун жакындарына, түркмөн элине, президентинин милдетин аткаруучу Гурбангулы Бердымухамедовго көңүл айтуу телеграммасын жолдоду. Анда Сапармурат Ниязовдун кыргыз-түркмөн достугун чыңдоого кошкон салымы баса белгиленген. Президенттин басма сөз катчысынын билдиргенине караганда, 24-декабрдагы Түркмөнбашынын аза күтүү расмийине кыргыз бийлигинен баруучу адамдардын тизмеси такталууда.