Сибирде камакта отурган Ходорковский Краснокаменск шаарынан Читага алып келинди

Сибирдеги Краснокаменск шаарындагы абакта жаткан Орусиянын мурдагы эң бай адамы Михаил Ходорковский 20-декабрда Чита шаарына алып келингени кечээ күнү белгилүү болду. "Коммерсант" гезити бүгүн жазганга караганда, ага дагы жаңы кошумча күнөө коюлат.