АКШ федералдык соту Иран өкмөтүн 254 миллион доллар кенемте төлөөгө кести

АКШнын федералдык соту кечээ күнү Иран өкмөтүн - 1996-жылдын 25-июнунда Сауд Арабияда ишке ашырылган террор аракетин каржылаган деп тапты. Ал жардыруудан 19 америкалык жаран курман болгон жана Иран өкмөтү эми набыт кеткендердин туугандарына 254 миллион доллар кенемте төлөп берүүгө тийиш. Иран өкмөтүн сотко өлгөндөрдүн туугандары берген, Тегеран ага көңүл бурган жок жана сотко адвокат да жиберген жок.