18:10 ХИПИК программасына каршы пикетке чыккан студенттерге кысым болууда

Жаштардын “Кел-кел” коомдук-саясий уюмунун мүчөсү Гүлшайыр Абдирасулованын “Азаттыкка” кабарлаганы боюнча айрым студенттер ХИПИКке каршы иш-чараларга катышканы үчүн окуу жайлардын жетекчиликтери тарабынан кысымга дуушар болуп жаткандыгын уюмга билдиришкен. Учурда Кыргызстандагы жогорку окуу жайларда кышкы сессия жүрүп жатат. (ZKo)