11:23 Ө. Текебаев: Президент мурда Акаевде болбогон ыйгарым укуктарды алууга аракеттенүүдө

Мындай пикирин талкуу учурунда Өмүрбек Текебаев билдирди. Ал эми депутат Азимбек Бекназаров коркутуп-үркүтүү менен президентке ыйгарым-укуктар кайтарылып алынууда деп белгиледи. Жогорку Кенештин төрагасынын орун басары Эркин Алымбеков болуп жаткан окуяны үй-бүлөлүк системага кайра келүү аракети деп баалап, тарых алдындагы жоопкерчиликти унутпоого чакырды. Ал мөөнөтсүз парламенттик шайлоо 24-марттын кайталанышына алып келиш ыктымалдыгын белгилеп, эгерде Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынса орун басарлык кызматтан кетерин жарыялады.