Оппозициялык “Ватан”кыймылы президенттикке Худайберды Оразовдун талапкерлигин көрсөттү. Бирок, түркмөн бийлиги анын мекенине кайтып келишине уруксат берген жок. Бириккен демократиялык оппозициянын лидери Авыд Кулиевдин билдиришинче, президент Сапармурад Ниязов көз жумгандан кийин камакка алынган Нурберды Нурмамедов талапкер кылып көрсөтүлдү.