Ал Саддамдын үстүнөн сөт өнөктүгү адилет өткөнү күмөн экенин белгиледи. Саддам Хусейндин адвокаттары да эл аралык коомчулукту Ирактын мурунку диктаторун өлүм жазасынан сактап калууга чакырды. Халил ал-Дуламинин айтымында, Саддам согуштун туткуну жана эл аралык мыйзамга ылайык, душмандарына өткөрүлүп берилбеши керек. Апта башында Ирактын аппеляциялык соту Саддамга буга чейин чыгарылган өкүмдү күчүндө калтырган.