Президент Буш Ирактагы жаңы стратегия боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Ирактагы жаңы стратегияны иштеп чыгууда жетишкендиктер бар, бирок аны аягына чейин иштеп чыгуу үчүн кошумча масилээт өткөрүү керектигин, президент Буш Техастагы ранчодо өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин билдирди. Келээрки жылдын башында жаңы стратегиянын жоболору белгилүү болоору күтүлүүдө. Кечээ Багдаддагы жардырууларда кеминде 23 адам курман болду. Ошол эле күнү америкалык 5 аскер өлгөнү кабарланды.